"Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт башталды

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган майрамдык концерт башталды. Салтанаттуу кечени Салтанат Саматова менен Турат Касымбеков алып барышууда.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов куттуктоо сөзү менен ачып берди. Ошондой эле шаар тургундарын жана конокторун концертти каржылап жаткан “Газпром” компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер да куттуктап өттү. Концертте кыргыз эстрада жылдыздары Иса Өмүркулов, Салтанат Аширова, Гүлзада Рыскуловалар чыгармаларын тартуулап жатышат. Майрамдык концертке болжол менен 20 миңдей көрүүчү келди. 
Мээрим Карыпова "Кара жорго" ырын аткаруу үчүн сахнага чыгып, бирок техникалык себептерден улам алгач бир куплет ырды жандуу аткарып чыгып кетти. Анын ордуна Султан Каримов чыгып ырдагандан кийин Мээрим Карыпова кайрадан ырдады. 
Орусия жана Франциядан келген ырчылар "Ала-Тоону" "жарышты"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
edu.kg.
2015-08-31 19:38:17
Кана фотолору??? Фотолорун да жуктосонор сураныч!
0
Sov
2015-08-31 19:44:53
Кара Жорго болбой калды эле кайрадан коюшту
0
Nur.88
2015-08-31 20:01:42
Аттин бишкекте болгонумда бармакмын.
0
maksat2016
2015-08-31 20:03:28
Оуу таза бактылуусунарго тим эле Бишкектиктер
0
ilknur_95kg
2015-08-31 22:32:41
Гулзада кучту ырдадыго чиркин. Мр3син кутобуз эми.
0
jibek.shami
2015-09-02 12:29:39
ушул концерттин видеосун качан киргизесиздер супер инфо... чыдамсыздык менен кутуп жатабыз
0
admin_portal
2015-09-02 12:38:06
jibek.shami, саламатсызбы!
Концерттен репортаж кабардын ылдый жагында турат. Же төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/media/stv/148829/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан