Бүгүн, 31-августта
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган майрамдык концерт өтүп, шаар тургундарына жана конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Кечени
Салтанат Саматова менен
Турат Касымбеков алып барышты.
Концерттин биринчи бөлүгүндө жергиликтүү ырчылар Иса Өмүркулов, Салтанат Аширова, Гүлзада Рыскулова, Нурайым Азыкбаева, Мээрим Карыпова жана башкалар ыр сунушту. Ал эми экинчи бөлүгүн "Ottawan" диско-дуэти ачып, андан соң орусиялык шоу-бизнестин жылдыздары "Город 312" тобу, Вера Брежнева, "Сплин" тобу, Дима Билан, Григорий Лепс өздөрүнүн хит ырларын аткарышты. Концерт майрамдык салют менен аяктады.