Бүгүн, 1-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда куудул Борончу Кудайбергеновдун “Алдар Көсө” аталышындагы концерти өтүүдө. Кечени “Тентектер”, “Беш тапан” куудулдар тобунун балдары коштоп жатышат. Бирок концертке келген элдин саны аз. Муну Борончу Кудайбергенов “байкабай шефке атаандашып концерт коюп алыптырмын” деп тамашалады. Эл аз болгону менен, куудулдардын тамашалары күлкү күйөрмандарынын маанайын көтөрүүдө.
Бул концерттин биринчи күнү 31-августта да өткөн.