Бүгүн, 4-сентябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Дүйнө элдеринин Эл аралык III фестивалы өтүп жатат. Анын алкагында Ысык-Көлдөн келген "боз үйчүлөр тобу" өз өнөрүн элге тартуулашты. Алты жигиттен турган топ боз үйдү 14 мүнөттө тикти. Топтун мүчөсү
Азамат Көбөгөновдун айтымында, алар боз үйдү 10 мүнөттүн ичинде тигүүнү пландап жатышкан.
Муну менен катар фестивалдын алкагында кыргыз боз үйүнүн түндүгү салтанаттуу түрдө Умай эненин батасы менен көтөрүлдү. Түндүктү маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов өзү көтөрдү.