Күлкү көп концерттердин көркүн ачып, элдин ыр укканына, концертте көңүлдүү отурганына ышкысын тутантат. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында түзүлгөн "Дем" театрынын актёрлору театрда спектакль, тасмада роль жаратып чектелбей, түрдүү концерттерде өнөр көрсөтүп келишет. Алар кечээ, 5-сентябрда Тотомидин Жолдошевдин чыгармачылыгынын 15 жылдыгына арналган концертте да болушту. Ооба, Марат Козукеев, Данияр Жанжигитов, Жеңиш Кангелдиев, Эркин Эгембердиев, Аскат Сулайманов, Азиз Мурадиллаев жана башка актёрлор алгач жаш балдардын эжекеси менен чогуу аткарган ырын аткарып беришти. "Мээрим, мээрим, мээрим. Мээрим деген эмне?" деген шакирттеринин суроосуна эжекеси ыр менен жооп берди. Анда жаш балдардын жана эжекенин ролун актёр жигиттер аткарып, элдин боорун эзишти.