"Курманжан датка" фильми Казанда (Татарстан) өткөн мусулман кинолору боюнча XI Эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды. “Мыкты картина” номинациясындагы баш байгени калыстар тобунун төрагасы, орусиялык белгилүү кинорежиссёр, сценарист жана “Оскар” сыйлыгынын ээси Владимир Меньшов КРнын Маданият, туризм жана маалымат министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиевге тапшырды.
“Курманжан датка” – тарыхты окутуучу тасма, аны түшүнүүгө аракет жасоо керек. Кыргыз мамлекети өтө бай өлкө эмес, бирок алар СССР маалында тартыла бербеген кинобюджетке фильм тартышты. Аталган тасманы көргөндөн кийин мен бул өлкө менен жакшылап таанышкым келип калды”,- деди Владимир Меньшов. Айта кетсек, кинофестиваль 5-11-сентябрь күндөрү өттү. Ага катышууга 700дөн ашык билдирме келип түшкөн, бирок сынак программасына болгону 51и кирген.