Бишкекте сүрөтчү Жакшыбек Жунушевдин “Жашоо өңдөрү” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат

Эртең, 18-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде сүрөтчү Жакшыбек Жунушевдин “Жашоо өңдөрү” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда аталган музейдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Белгилүү болгондой, көргөзмөгө сүрөтчүнүн акыркы 3 жылда тартылган эмгектери коюлат.

Автордун жашоосунан алынган сүрөттөлүштөр портрет, пейзаж жана натюрморттор аркылуу берилген, алар көрүүчүлөрдүн купулуна толот. Жунушев күнүмдүк тиричиликти, айылдык балдардын жашоосун, кыштактардагы жолдордун чаңын, тоолорду жана башка көптөгөн көрүнүштөрдү өтө сезимталдык менен өзүнүн эмгектеринде бере алган”,- деп айтылат маалыматта.  

Көргөзмө 4-октябрга чейин уланат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан