Бишкекте өспүрүмдүн шайтан арабасы менен уюлдук телефонун тартып алганга шектүү 18 жаштагы жигит кармалды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБине жаш өспүрүмдүн апасы белгисиз адам уулунун шайтан арабасын жана уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алганы тууралуу арыз менен кайрылганын Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Шаардык №9-милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында тоноого шектүү 18 жаштагы жаран кармалды. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында айыпталуучунун буга чейин да бир нече жолу кылмыш жообуна тартылганы маалым болуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.