Бишкекте 23-октябрында саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өчүрүү иштери суу өткөргүчтөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
Айни көчөсү - Жунусалиев көчөсү - Гагарин көчөсү - Абдраимов көчөсү - Жунусалиев көчөсү - Чыңгыз Айтматов проспекти.
Диаметири 400 мм болгон суу өткөргүчтү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат", - деп жазылат маалыматта.