Биз социалдык тармакта

Италия бийлиги Миланга 500 полиция кызматкерин жөнөтөт

Италиянын бийлиги Милан шаарынада болгон нааразычылык акциясынан улам, шаардагы тарыхый мекемелерди жана көчөлөрдү коргоо максатында 500 аскер кызматкерин жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн министрлер кеңеши шейшемби күнү Strade Sicure (Коопсуз көчөлөр) операциясын жактырган. Бул иш- чаранын алкагында аскер кызматкерлери адамдар көп чогулган жерлердин жана объектилердин коопсуздугун камсыздоосу пландалууда.

Премьер-министр Жоржа Мелони полиция жана карабинерлерге колдоо көрсөтүү үчүн аскер кызматкерлери Миланда жылдын аягына чейин турары маалымдалды.

Эскерте кетсек 17-18-октябрда Италиянын айрым шаарларында жашоо шарттын кымбатташына байланыштуу тургундар нааразычылык акциясына чыгышкан. Алардын ичинен эл эң көп топтолгон шаар Милан болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан