Биз социалдык тармакта

Жасалма интеллект мамлекеттик башкарууга киргизилет

Кыргызстанда жасалма интеллектти мамлекеттик башкарууда жана экономиканын негизги тармактарында колдонуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда республикалык кеңешмеде билдирди.

Мамлекет башчысы жасалма интеллектти билим берүү, саламаттык сактоо жана айыл чарба тармактарында колдонуу маанилүү экенин белгиледи.

"Жасалма интеллект өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги инструменттеринин бири болот. Биз аны мамлекеттик башкарууга, саламаттык сактоого, билим берүүгө, экономикага, айыл чарбасына, транспортко жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга киргизебиз. Мамлекет отчёттордун негизиндеги башкаруудан реалдуу маалыматтардын негизиндеги башкарууга, көйгөйлөр жаралып, ага кечигип чара көрүүдөн аларды алдын ала болжолдоого жана алдын алууга өтүшү керек", - деди Садыр Жапаров.

Жасалма интеллект мамлекеттик башкарууга киргизилет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан