Бишкек шаарында токтоого жана токтоп турууга тыюу салынган жерлерге унаасын токтоткон айдоочуларга карата укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин МКККПнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесине ылайык, транспорт каражаттарынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин сактоого милдеттүү.
Милиция кызматкерлери жарандарды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат.