Бүгүн, 21-октябрда дүйнө чемпиондугунда алтынга тете күмүш медаль тагынган балбан Юхан Догдурбек уулун күйөрмандары аэропорттон кол чаап, "Юхан - чемпион!" деген кыйкырыктар менен тосуп алган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Белгилей кетсек, Юхан Догдурбек уулу АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн 23 жашка чейинки балбандар арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль жеңип алды. Ал 61 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалдык беттеште америкалык балбан Бенжамин Адам Давиного 1:4 эсебинде жеңилди.