Улуттук филармония 80-концерттик сезонун театрлаштырылган концерт менен ачты

Кечээ Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 80-концерттик сезонун жалпы чыгармачыл жамаатынын күчү менен даярдалган “Өнөр ыйык, өткөндөрдүн мурасы, филармония - таланттардын уясы!” аттуу гала-концерти менен ачты. Бул тууралуу 1-октябрда Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Концертте кыргыз элинин көркөм өнөр маданиятынын калыптануусу, ошондой эле Кыргыз улуттук филармониясынын өнүгүп-өсүү тарыхы кенен чагылдырылып, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлде театрлаштырылып тартууланды. 
Концертке жалпы көрүүчүлөр менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баш болгон өкмөттүн аппараты, министрликтер, мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери катышышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан