Кыргыз тасмасы эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды

Москвада 20-27-сентябрь күндөрү Савва Морозов атындагы I Эл аралык кинофестиваль өттү. Ага ар кайсы мамлекеттен жалпы 30 тасма катышты. Кыргыз өлкөсүнүн атынан көрсөтүлгөн "Меккеге карай жол" аттуу даректүү тасма "Мыкты кыска метраждуу фильм" наамын жеңип алды. Бул тууралуу 1-октябрда КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сыйлык патриоттук сезимди ойготууга багытталып, окурмандын да, коомчулуктун да көңүлүн бурууга түрткү бере алган адабий чыгармалардын таланттуу авторлорун издөө жана аларга колдоо көрсөтүү максатында берилет.  Маалыматта тасманын режиссёру Асел Жураевага фестивалдын уюштуруучуларынын атынан сыйлык жөнөтүлгөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle
2015-10-07 10:18:28
Ийгилик . Бул фильмди каерден корсок болот . Супер шилтеме бересинерби ?
0
admin_portal
2015-10-07 10:32:31
Rifle, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, көрө аласыз: http://www.super.kg/tasma/show/1153/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан