Эртең Улуттук китепканада Алыкул Осмоновдун музейинин салтанаттуу ачылышы болот

Эртең, 28-октябрда Улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун музейинин салтанаттуу ачылышы болот. Бул тууралуу 27-октябрда китепкананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, өкмөт аппараты, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Алыкул Осмонов атындагы коомдук фонд жана Улуттук китепкана аталган музейдин ачылышына колдоо көрсөтүштү. Иш-чаранын алкагында Улуттук китепкана тарабынан даярдалган “Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!” аттуу кыргыз жана орус тилинде даярдалган библиографиялык энциклопедиянын бет ачары өтөт.

Музейдин экспозициясы А.Осмоновдун чыгармаларынан турат. Мындан тышкары Алыкул Осмонов туулган Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы музейлеринин, Бишкек шаарындагы үй-музейинин макеттери, акындын өмүр жолун жана чыгармачылыгын чагылдырган фотодокументтер, кол жазмаларынын көчүрмөлөрү, А.Осмонов атындагы сыйлыктын дипломунун үлгүсү, төш белгиси жана башка тиешелүү буюмдар көрсөтүлөт.

Иш-чарага өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар, студенттер, Алыкул Осмоновдун талантынын күйөрмандары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан