Бишкектеги Улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун музейи ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 28-октябрда Бишкектеги Улуттук китепканада акын Алыкул Осмоновдун музейинин салтанаттуу ачылышы өттү. Музейдин экспозициясы анын чыгармаларынан турат. Мындан тышкары Алыкул Осмонов туулган Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы музейлеринин, Бишкек шаарындагы үй-музейинин макеттери, акындын өмүр жолун жана чыгармачылыгын чагылдырган фотодокументтер, кол жазмаларынын көчүрмөлөрү, А.Осмонов атындагы сыйлыктын дипломунун үлгүсү, төш белгиси жана башка тиешелүү буюмдар коюлган.

Иш-чарага өкмөттүн өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын жана билим берүүнүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар, студенттер, Алыкул Осмоновдун талантынын күйөрмандары катышты.

Улуттук китепкананын китеп жумуштары боюнча директорунун орун басары Гүлнара Байтакованын айтымында, жаңы ачылган музей Алыкул Осмонов атындагы фонд тарабынан каржыланды.

“Биздин китепкана музей үчүн аянт бөлүп берип, акындын түп нуска документтеринин көчүрмөлөрүн чыгарууга жардам берди. Жаңы ачылган музейден окурмандар Алыкул Осмоновдун жубайынын кол жазмалары менен тааныша алышат”,- деди Байтакова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tipu
2015-10-28 14:39:42
super admin salamatsyzby? kandai sezim suiuu degen baldai sezim degen sozdoru bar yrdy kim yrdait kaisy jerden tapsam bolot???????
0
admin_media
2015-10-28 15:23:35
Tipu,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз:
Турдакун Ниязалиев - "Жубайыма" www.super.kg/media/useraudio/150837/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан