Кыргыз жараны Аязбек Бекманбетов Якутияда өткөн Эл аралык “Алтын майдан” искусство фестивалында “Вокал” номинациясы боюнча байгеге ээ болуп, иш-чарада активдүүлүгүн көрсөткөнү үчүн сертификатка татыган. “Замандаш” ассоциациясынан билдиришкендей, аталган фестиваль 1-7-ноябрь күндөрү өткөрүлгөн. Ага 50дөй мамлекеттен келген жаш таланттар катышып, өздөрүнүн элине таандык болгон салт-санаа, жөрөлгөлөрдү көрүүчүлөргө тартуулаганга аракет кылышкан.
“Алтын майдан” 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет. Анын башкы максаты этника аралык диалогду өнүктүрүү, толеранттуулук принциптерин бекемдөө болуп саналат.