Эртең, 10-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда академик, жазуучу, публицист Азиз Салиевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу концерт өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кечеде эмгеги сиңген артист Динара Салиеванын аткаруусунда жана симфониялык хордун коштоосунда орган музыкасынын обондору жаңырат.
Айта кетсек, Азиз Салиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1925-жылдын 10-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз илимине эмгек сиңирген ишмер 1993-жылдан баштап Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү, 1997-2002-жылдары УИАнын вице-президенти болуп эмгектенген. 2012-жылы дүйнөдөн кайткан.
Салиев илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, окумуштуу-философ, коомдук ишмер, жазуучу, публицист жана искусство таануучу болгон.