“Азия Микс” командасы КВНдин Эл аралык Жогорку Лига союзунун финалына чыга албай калды. Бул тууралуу Эл аралык бирикменин расмий сайтына жарыяланды.
Маалым болгондой, 7-ноябрда Москва мэринин кубогуна кезектеги оюн өткөрүлүп, анын жеңүүчүсү финалга жолдомо алды. Ага “Азия Микс” менен дагы 5 курама: «Горизонт» (Москва), «Спарта» (Астана, Казакстан), Дагестан (Махачкала, Дагестан), «Саратов» (Саратов, Орусия) жана «Плохая компания» (Красноярск крайы, Орусия) ат салышкан.
Командалар саламдашуу, капитандар сынагы жана музыкалык номер боюнча өнөр көрсөтүштү. Бишкектик курама “Саламдашуу” сынагында лидерлик орунда болгон, бирок кийинки сынактарда артка кеткен. Жыйынтыгында Москва мэринин кубогун жана финалга жолдомону Дагестан курамасы (Махачкала, Дагестан) жеңди, экинчи орунду казакстандык "Спарта", ал эми үчүнчү орунду "Азия Микс" алды.