Белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев Орусиянын Иркутск облусундагы кайрымдуулук фонду тарабынан Ардак грамота менен сыйланды. Сыйлык Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларды утурлай, эки элдин биримдигин чыңдоого, Т.Сатылгановдун өмүр баяны тууралуу фактыларды чогултууга көмөктөшкөнү үчүн берилгенин төкмө акын 9-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Сөз арасында Иманалиев музыкага кызыккандарга колдоо көрсөтөрүн белгилеп: "Жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн биринин 12 жаштагы Нагима аттуу кызы комуз чертүүгө кызыгат экен, бирок комуз сатып алууга шарт жок болуп жатканын айтышты. Каалоосун орундатуу үчүн ага бүгүн белекке комуз бердим",- деп билдирди.