"Шах-Фазил" тарыхый-архитектуралык комплексин реставрациялоо иштери аягына чыгып калды

"Шах-Фазил" тарыхый-архитектуралык комплексин реставрациялоо иштери аягына чыгып калды. Адистер алгач күмбөз курулган жердин топурагын изилдеп чыгышкан. Андан кийин оңдоп-түзөө иштери дал ошондой материалдар менен жүзөгө ашырылды. Эми комплекстин косметикалык оңдоо иштери жүрөт. Мындай аракеттер күмбөздүн дагы чейрек кылым өз калыбында турарына өбөлгө болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, XI-XII кылымдарга таандык күмбөз алгачкы жолу 1967-жылы реконструкцияланган. Убакыттын өтүшү менен нымдуулуктан комплекс акырындап бузулуп, ичиндеги жазуулары, оюу-чийүүлөрү урай баштаган.
"Шах-Фазил" тарыхый-архитектуралык комплекси Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гүлистан айылында жайгашкан. Ага Арча-Мазар ыйык тоосуна курулган Аламбердар күмбөзү менен 2700 ислам жоокерин курмандыкка чалган үңкүр, мечит, Шах-Фазил жана Сафид-Булан күмбөздөрү кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мэри
2015-11-10 16:13:25
11-12-кылымдарга таандык болсо, аябай эле кызыктуу окшойт. Ичине кирсе болобу?
0
Takewiro
2015-11-11 15:04:13
Мэри, ооба ичине киргенге болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан