Ырчы Кубаныч Сатаев үчүнчү жолу уулдуу болду. Ырчы мырза бул тууралуу SUPER.KG'ге 11-ноябрда өзү билдирди.
“11-ноябрга караган түнү саат 00:30да жубайым Кундуз Авашова үчүнчү уулубузду жарык дүйнөгө алып келди. Бул ирет баламды көкүрөгүмө алдым, буга чейин анткен эмесмин. Азырынча наристебизге ысым тандай элекпиз. Негизи, ат коюу милдети тигинде же мында деп деле талашпайбыз. Ошентсе да улуу баламдын атын кайненем Алишах деп койгон, ортончусунун атын өзүбүз Санат деп койгонбуз, эми кичүүсүнө Кудайдын буюрган аты ыйгарылат. Кундуз учурда төрөтканада, экөөнүн тең абалы жакшы, 2-3 күндө чыгарып кетебиз”,- деди Сатаев.