Бүгүн, 12-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 75 жылдыгы белгиленет. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, маданият министри Алтынбек Максүтов, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, Кыргыз Республикасынын "ТҮРКСОЙдогу" өкүлү Кожогелди Култегин катышат.
Иш-чарада М.Күрөңкеев, Э.Мааданбеков, Н.Тилендиев, А.Аренскийдин чыгармалары жаңырат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.