Бишкекте сүрөтчүлөр Чынара Төрөбекова менен Салтанат Курбанованын эмгектери көргөзмөгө коюлду (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкекте сүрөтчү айымдар Чынара Төрөбекова менен Салтанат Курбанованын эмгектеринин көргөзмөсү ачылды. Экспозицияга жалпысынан 88 сүрөт коюлган. Акыркы 5 жыл ичинде тартылган эмгектер пейзаж, натюрморт жана башка жанрларды өзүнө камтыйт. КРнын Сүрөтчүлөр биримдигинин мүчөсү Чынара Төрөбекова билдиргендей, көргөзмө 1-декабрга чейин уланат.

Ичибиздеги жакшы сезимдерди тартуулаганга аракет жасайбыз. Ошону көрүүчүлөр сезе алышса, биз абдан кубанычта болобуз. Байкасаңыздар, кээ бир пейзаждар окшошуп кетет, анткени Салтанат экөөбүз бир жерге туруп тарткан эмгектер бар. Негизи, аял кишилер топтошуп алып сүрөт тартышат”,- деди Төрөбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан