24-ноябрда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Бишкек жана Санкт-Петербургдун искусство чеберлеринин биргелешкен концерти өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара Санкт-Петербург шаарынын Бишкектеги маданий-иш миссиясынын алкагында өтөт. Шаардыктар үчүн Орусия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти Мария Сафрьянц, Мариинск театрынын солисти Татьяна Павловская, Михайловск театрынын солисти Карен Акопов, «Таврическая» капелласынын дирижёру жана көркөм жетекчиси Михаил Голиков, ошондой эле КРнын Эмгек сиңирген артисттери жана Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын симфониялык оркестри жагымдуу чыгармаларын тартуулашат. Иш-чараны Бишкек мэриясы менен Санкт-Петербург шаарынын өкмөтү биргеликте өткөрөт.