Бүгүн, 23-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башчысы Алтынбек Максүтов М.Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын окуучуларын сыйлайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрдан 9-ноябрга чейин Алматы шаарында өткөн эл аралык музыкалык сынакка аталган окуу жайдын окуучулары катышып, байгелүү орундарды ээлешкен. Министр Максүтов жеңүүчүлөрдү жана катышуучуларды грамоталар жана дипломдор менен сыйлайт.