Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

25-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Эл жазуучусу, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгына арналган "Нагыз дулдул жазуучу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана анын "Улуу үркүн", "Тил табияты" деген жаңы китептеринин бет ачары өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.

Маалым болгондой, көргөзмөнүн ачылышына мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын кызматкерлери, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Сагындык Өмүрбаевдин "Жеңишбектин жолдоштору", "Айна", "Көктөмдөгү кыштак", "Телегей", "Бороондуу күндөр", "Балаты", "Эмгек ээлери", "Көк жайык", "Өзгөргөн өрөөн", "Өрттүү кечүү", "Жер эне", "Кер өзөн", "Алтын жылдыз" аттуу чыгармалары бири-бирине удаалаш басмадан чыгарылды. Автордун калеминен жаралган "Телегей" романы Социалисттик Эмгектин Баатыры, Баатыр эне Телегей Сагынбаеванын өмүр тарыхына арналган.

Өмүрбаев К.Чуковскийдин "Доктор Айболит", Г.Цадасанын "Өмүрүм", С.Михалковдун "Менин досум" жана бирма, ирак, кытай, япон акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" наамы ыйгарылган. 1958-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Каарман эмгеги үчүн" медалы, үч жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан