Бүгүн, 25-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Эл жазуучусу, акын, котормочу жана публицист Сагындык Өмүрбаевдин 85 жылдыгына арналган "Нагыз дулдул жазуучу" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана анын "Улуу үркүн", "Тил табияты" деген жаңы китептеринин бет ачары өткөрүлдү. Маданий иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын кызматкерлери, студенттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Алар Өмүрбаевдин "Жеңишбектин жолдоштору", "Айна", "Көктөмдөгү кыштак", "Телегей", "Бороондуу күндөр", "Балаты", "Эмгек ээлери", "Көк жайык", "Өзгөргөн өрөөн", "Өрттүү кечүү", "Жер эне", "Кер өзөн", "Алтын жылдыз" аттуу чыгармаларын бирден талдап, баа берип жатышты.
Өмүрбаев К.Чуковскийдин "Доктор Айболит", Г.Цадасанын "Өмүрүм", С.Михалковдун "Менин досум" жана бирма, ирак, кытай, япон акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн ага "Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу" наамы ыйгарылган. 1958-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, "Каарман эмгеги үчүн" медалы, үч жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.