Бишкекте 15ке чукул манасчы чогулуп, 7 күн, 7 түн үзгүлтүксүз “Манас” айтмакчы

Бишкекте 15ке чукул манасчы чогулуп, 7 күн, 7 түн үзгүлтүксүз “Манас” эпосун айтмакчы. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Маалым болгондой, иш-чара 4-декабрда белгиленүүчү "Манас" күнүнө карата уюштурулуп жатат. “Саякбай манасчы” Эл аралык коомдук фонду жыл сайын өткөрүп келген саамалыкка 15ке чукул манасчы катышмакчы. “Бул таймаш же кароо-сынак эмес. Бул бар болгону кыргыздарды дагы бир жолу Манас атабыздын руханий күчү менен азыктандыруу, аруулоо жана анын касиети биз менен экендигин дагы бир ирет эске салуу”,- деп кошумчалашат уюштуруучулар.

Бишкекте Манас күнүн утурлай 7 күн, 7 түн "Манас" айтылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан