Бүгүн, 27-ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, кыргыз поэзиясынын классиги, котормочу Сүйөркул Тургунбаевдин туулган күнүнүн 75 жылдыгына арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү жана чыгармачыл жолугушуу кечеси өтүүдө. Көргөзмөнүн ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, илимдин жана маданияттын кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.
Сүйөркул Тургунбаев 1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөндөн кийин Алай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында мугалим, Кыргыз илимдер академиясында илимий кызматкер, «Кыргызстан маданияты» гезитинде бөлүм башчы, Кыргызстан Жазуучулар союзунда сын консультанты кызматтарын аркалап, «Заман Кыргызстан» гезитинин ээси болгон.
Акындын «Салам, жаш өмүр!», «Кечки троллейбус», «Эки аска», «Касиет», «Жылдыз», «Жарыктын ыры», «Жагалмай канат жапан» жана орус тилинде «Новый день», «Признание в любви» аттуу поэтикалык китептери жарык көргөн.
Тургунбаев көркөм котормо өнөрүндө да эмгектенип, Навои, Аль-Фараби, Абайдын, Машрап, Шевченко, Лермонтовдун чыгармаларын, Е.Евтушенконун «Эне жана нейтрон бомба», Вознесенскийдин «Лонжюмо» поэмаларын, «Араттар ыры» деген монголдордун поэзиясын которгон.
Кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө кошкон эмгеги жогору бааланып, "Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери", "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" наамдарынын, Таттыбүбү Турсунбаева атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты, «Эл агартуунун отличниги» жана башка сыйлыктардын ээси.