Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте дүйнөлүк балет жылдыздарынын концерти орун алды. Иш-чаранын башталышында уюштуруучулар кыргыз балетинин өткөнүн, учурдагысын баяндап, келечекте кандай болор экен деген ойдун тегерегинде сөз сүйлөштү. "Учурда бизде сахна балеттерди, зал күйөрмандарды сагынды" дешти уюштуруучулар.
Концертте Франция, Германия, Түркия, Куба, Бельгия, Эстония, Латвия, Казакстан жана Кыргыз Республикасынын артисттери өнөрлөрүн тартуулашты. Мунун баары жандуу музыканын коштоосунда болуп, талант ээлери жандуу өнөр көрсөтүштү. Күйөрмандар сахнадагы көрүнүшкө көңүл буруп, алардын чеберчилигине маал-маалы менен дүркүрөтө кол чаап турушту. Концерттин тез бүтүп калганын айрымдар кемчилик катары кабыл алышты. Айрымдар 1,5 миң сомго билет алганын, бирок концертте толук чер жаза албаганын айтышты.