Кыргыз комузчулары жана кол өнөрчүлөрү Таиландда өтүп жаткан Эл аралык фольклор-бий фестивалына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда SUPER.KG порталына “Тагдыр, мезгил, жашоо” кол өнөрчүлөр коомунун директору Мира Токтогонова билдирди. Анын айтымында, аталган фестиваль 5-ирет өткөрүлүп, ага 10дон ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышууда.
“Фестиваль 1-8-декабрь күндөрү өтөт. Ага Индонезия, Финляндия, Индия, Венгрия, Тайвань, Түркия, Малайзия, Казакстан жана башка мамлекеттер катышат. Бул маданий иш-чарада Токтобек Асаналиев, Динара Акулова, Жумагүл Райымжан кызы, Нурбек Дайырбек уулу, Кенже Дүйшеева сыяктуу талант ээлери биздин өлкөнүн атынан чыгышат”,- дейт Токтогонова.