1916-жылкы Үркүн тууралуу тарыхый көркөм тасма тартылат

2016-жылдан тартып Үркүн тууралуу тарыхый көркөм тасма тартыла баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына тасмага продюсерлик кылып жаткан Мухтар Атаналиев билдирди.

Анын айтымында, тартуу боюнча бардык уюштуруу иштери аягына чыгып калды. "Эки жылдан бери Үркүндү тасмага тарталы деп камынып келгенбиз. Быйыл гана олуттуу киришип отурабыз. Жаштар тарыхыбызды билсин, унутпасын деген ойдо 1916-жылдагы окуяны экрандаштырууну чечтик. Башкалар "кыргыз эли совет учурунда да, азыр да жакшы жашап жатат" деп айтышы мүмкүн. Фильм аркылуу биз бүгүнкү жакшы жашоого кыйынчылыктар, күрөш менен жеткенибизди да чагылдырууну максат кылдык",- деди ал.

Ал эми режиссёр Медин Учкеев учурда актёр-актрисаларды тандоо иштери жүрүп жатканын белгилеп өттү. "Тарыхый тасма болгондуктан, жоопкерчилик да чоң болот экен. Биз тарыхчыларга, жазуучуларга кайрылдык. Үркүн тууралуу тасма тартып жатканыбызды уккан Үркүндүн катышуучуларынын туугандары да байланышка чыгышты",- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dan4ik88
2015-12-01 19:22:02
Ийгилик, зынк кылып тарткыла эми, тарыхта кандай болсо ошондой кылып.
+4
tynystan
2015-12-01 20:20:51
Курманжан Датка фильминдей кылып кызыксыз кылбай нак бардф бардай болгонду болгондой кылып тартыш керек
+6
nurik2103
2015-12-01 20:22:49
ушул кунго кыйынчылыктар менен жеткенибизди таркынар келсе Барсбек Манас аталарыбыз жонундо тарткыла! жоо женип доор суруп турган мезгилдерди. анан кайактагы орустар келип елдерди атып уркуткондорду тартып елдин духун тушурбой! патриоттука ундогуло елдин духун которгуло.
+5
nurik2103
2015-12-01 20:27:39
ошол уркумдун айынан канчалаган кыргыздар чачырап кетти, кытайлап памирлеп, памирдегилер дагы деле 19-кылымда жашап жатышат. кыргыз тасмалары болумунон корсонор болот
+2
jon_jurbos
2015-12-01 21:22:47
Туура кыласынар! Тарткылачы кана королу мазза кылып
+1
Bakush22
2015-12-02 16:07:36
уркун десе эле раматылык таенемди эстей берем. Kачан торолгонсуз десек эле уркун убагында, ала жазда дей береер эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан