Режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун көчмөн үй-бүлөнүн турмушун чагылдырган тасмасы эл аралык сынакта сыйлыкка татыды

Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” (“Небесное кочевье”) аттуу фильми 9-12-декабрь күндөрү Башкортостанда өткөн Эл аралык "Серебряный Акбузат" кинофестивалында "Толук метраждуу тасмалар арасында мыкты режиссёрдук иш" наамына татыктуу болду. Кинофестивалга 11 мамлекеттен 36 тасма катышкан.

"Сүтак" - кыргыздын тоолорунда конуш которуп жашаган көчмөн үй-бүлө тууралуу. Башкы каармандар: Табылды, анын байбичеси Карачач, келини Шайыр жана 7 жаштагы небереси Умсунай. Күйөөсү каза болгондон кийин Шайыр кайын журту менен калууну чечет. Келиндин жашоосунда Эрмек аттуу метеоролог пайда болгонго чейин алардын күнүмдүк тиричилиги бир нукта өтүп жаткан. Жалпысынан тасма адамдардын ортосундагы таза мамилелер, аруу сезимдер, ыйык каада-салт тууралуу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан