Кыргыз өлкөсүнүн “Мээрим” бий студиясы 4-7-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөрүлгөн балдардын жана өспүрүмдөрдүн хореографиялык жамаатынын эл аралык фестивалына катышып, улуттук бийлерди бийлөө боюнча сынакта 1-орунду ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына аталган студиянын хореографы Мээрим Жайлообекова билдирди.
Фестиваль элдик, классикалык, жай бий (вальс), заманбап, степ бийлерди аткаруу чеберчилиги боюнча өткөрүлдү. Ага Орусия, Кытай, Кыргыз Республикасы жана башка мамлекеттерден 28 команда катышты. Фестивалдын 2-туруна өткөн мекендештер эми 2016-жылдын март айында Пекинде өнөрлөрүн көрсөтүшөт.
“Биз сахнага чыкканда буряттар же казактар деп ойлошуптур. Кыргыз Республикасынан келгенибизди айтканыбызда жакшы кабыл алышты. Бийлеп бүтүп, сыйлык аларда калыстар тобу “Ушунча топтордун бийин көрүп чарчап кеткенбиз. Силер кооз кийимиңер менен бийлеп жатканыңарда “качан муундары үзүлүп кетет экен...” деп карап отурдук. Силерди биз Ысык-Көлүңөр менен тааныйбыз” дешти. Бизге бул жеңиш күтүүсүз болду. Арасынан талашкандары, бут тоскондору да болду. Калыстар тобунун мүчөсү Бедрос Киркоров бизди кубаттап, абдан мактады”,- дейт Мээрим Жайлообекова.