Тасмада тажрыйбасы жок туруп айылдын башкы дарыгерине айланган доктор Айболот бир айылдын жашоочуларына ишеним, үмүт берип, өзү сүйүктүүсүн табат

Бүгүн, 27-январда "Доктор Айболот" тасмасынын бет ачары өттү. Анда жаш актёр катары комедиялык тасмалара роль жаратып келген Самат Эркинбеков режиссёрлук милдетти аркалаган. Ошону менен бирге башкы каармандын ролун жараткан.

Тасманын мазмунуна токтолсок, Айболот аттуу жигит жогорку окуу жайды аяктап, айылга практикага жөнөйт. Айылга практикага барып, ал жакта башкы дарыгер болуп калат. Айыл жашоочуларынын тагдыры менен алпурушуп, ийне сайганды үйрөнөт. Сүйүктүүсүн табат. Бейтаптарга түрдүү диагноздорду коюп, айрымдарын киринелейт. Башкысы, айыл тургундарына ишеним, сүйүү берет. Ал окууну бүтүп диплом алып жатканда аны агай-эжейлери "Бүтүп кетишиң менен куттуктайбыз!" деп кутулганына сүйүнүшөт. Ошентсе да колунан эч нерсе келбеген Айболот бир айыл үчүн үмүт шамын жаккан дарыгерге айланат.

Айболот менен бирге окуган Замир окууну бүткөндө досторуна "итти сүйлөтөм" деп убада берет. Соңунда ал "итти сүйлөткөн эрдигин" коомчулукка SUPER.KG порталы аркылуу кабарлайт.

Медицина тармагын чагылдырган “Доктор Айболот” тасмасы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aastra__
2016-01-28 00:28:12
1 айда эле тартылды окшойт ушул кино
0
Damir Muhambetovich
2016-01-28 01:19:27
Jakshy kino boluptur baryp korsonor okynboisynor
0
Futuro
2016-01-28 04:11:36
Кыргыз киноидустриянын баркын кетирбей токтоткулачы! canon, black magic болсо эле болду тарткылай башташат.Коргом тартылып жаткан плшядканы бир штатив менен тартып атат майда чуйдо шаймандарды да колдонуп тартса. Софтбокс коргон жокмун эркекче,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан