Эртең Улуттук китепканада "Кылымдарды карыткан улут байлыгы" аттуу китеп көргөзмөсүнүн бет ачары өтөт

Эртең, 29-январда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын фойесинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “2016-жыл - Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланган жарлыгынын алкагында “Кылымдарды карыткан улут байлыгы” аттуу китеп көргөзмөсүнүн бет ачары өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмө "Манас" жана кенже эпостор", "Карахандар доорундагы жазма маданият", "Улуттук жазма адабияттын жер пайын түптөгөн акындар" жана "Эне-Сай, Ички Азия жана Кыргызстандагы ташка чегилген жазуулар" аттуу төрт бөлүктөн турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан