Кайрат Примбердиев орус элин Елена Ваенганын концертинде таң калтырды

Кайрат Примбердиев популярдуу орусиялык ырчы Елена Ваенганын туулган күнүндөгү концертинде "Я любил одну милую" аттуу ырды аткарып баарын таң калтырды. Ырчы концерттеги видеосун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган. Видеодон аны колдогон көрүүчүлөрдүн катуу кол чабууларын угууга болот. Ал эми Елена Ваенга бир ырды ырдоо үчүн алыстан учуп келген Кайратка ыраазы болду. "Мен анын алыскы кыргыз өлкөсүнөн бир ыр үчүн учуп келгенине ыраазымын",- деди Елена Ваенга.

Андан соң Кайрат Примбердиев элдин суроосу боюнча дагы башка ырларды аткарып, кече ээсин туулган күнү менен куттуктап, ийгилик каалады. Көрүүчүлөргө кыргыз жергесинен ысык салам жолдогондо, анын дарегине "Азамат!", "Браво!" сыяктуу мактоо сөздөрү айтылып, алардын сүймөнчүгүнө ээ болду.

Орус элин, Елена Ваенганы таң калтырган, суктандырган Кайрат Примбердиев. Азаматсың!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
edu.kg.
2016-01-29 20:00:35
Азаматсын Кайрат! Эн сонун унун бар экен! Жакшы ырдаганды ушинтип эле азаматсын деп ыраазы боло атасын,анан жаман ырдап чыйылдап ырдын,обондун коркун бузгандар бар,даяр ыр болсо да таланттын т сы жок,эптей албай бир сонун ырдын ашмалтайын чыгарып ал аз келгенсип айлап сахнаны куйоосунун арты менен ээлеп жадата концерт койгондорго кыжырын кайнайт же бир пайдасы жок чонтогун эле ойлойт. Азматсын Кайрат таазим сага! Кыргызды дуйного тааныта салымын кошконуна рахмат!
+8
timarama91
2016-01-29 20:46:40
Ай баракелде. Ай баракелде.
+2
BORKO
2016-01-29 23:41:15
Туулган кунундо "Я любил одну милую" аттуу ырды Елена Ваенга Кайраттан уккусу келгени озу чон сыймык.Кайратка ийгилик!!!
+2
777amanasan
2016-01-30 10:33:11
Ийгилик... Кыргызстан Алга
+2
nelya88
2016-01-30 10:41:40
Эн сонун! Бирок Ваенгага сахнада гүл берип койсо андан да сонун болмок. Азаматсыз,элибиздин сыймыгы болуп журо бериниз.
+1
aikol87
2016-01-30 12:51:51
Азамат ийгилик мындан ары да осуп оно бер.
+1
alina1983
2016-01-30 13:05:14
Азаматсын! Ийгилик!
+1
Juztilla92
2016-01-30 13:58:50
Азаматсын чыгармачылык ийгилик каалайбыз...
+1
tokitok
2016-01-30 17:20:34
бироонун сыны туз эле самара каримовага тийиптип го.бирок анын ырдаганы мага лично жагат кобуно эле жакса кк
0
begai93
2016-01-30 21:56:33
Молодец Кайрат! Ийгилик сага. Суйлогондо кыйналгансып суйлойт экенсин унун буулгансып бирок ырдаганда СООНУН соз жок! Кыргыз элинин сыймыгы болуп мындан да ары чоон чон ийгиликтерге жетип журо бер!
0
baxa-93
2016-01-31 02:46:28
Ушундай жагымдуу кабарларды жазыныздарчы биз Москва да журуп коркуп калдык ар турду зейнинди кейитчу жанылыктар менен!
0
KursKG
2016-01-31 06:27:02
Азаматсын, ийгилик
0
gulkar
2016-01-31 12:06:44
Сакададай боюу сары алтын деген ушу да.
Кайрат молодец.
0
Gulnaz.GS
2016-02-01 06:30:29
Кайрат ырдап чыккандан кийин.башка ырчыларыбыз жон эле ырдамак.Иляз Абдыразаков эмнеге чыкпайтат.Россияга ырдап чыкса всемирная звезда болуп кетмек деп ойлойм
0
dinar-87
2016-02-10 19:05:35
Ураа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан