СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналган кече өтөт

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти, бийчи Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналган кече өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечеде Базарбаевдин ысымын алып жүргөн Бишкек хореографиялык окуу жайынын тарбиялануучулары менен балет артисттеринин биргелешкен концерти болуп, анда дүйнөлүк классиканын номерлери тартууланат. Иш-чара 4-февраль күнү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Эске салсак, Чолпонбек Базарбаев көптөгөн жылдар бою улуттук балет группасынын башчысы болуп келген. Ал өзүнүн чыгармачыл жашоосунда дүйнөлүк спектаклдердеги 30дан ашуун балет классикаларын сахнага алып чыккан. Чыгармачылыгында көрүүчүлөрдүн суктанган таң калуулары анын аткаруучулук өнөрүн андан ары өнүктүрүп, бийчиге жеке аткарууда гана эмес, дуэт аткарууда да дем-күч берип турган.

Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Кочкор районунда туулган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайды аяктагандан кийин Москвадан тажрыйба топтоп, чеберчилигин арттырган. Сахнада СССР Эл артисти Айсулуу Токомбаева менен өнөктөш болгон.

Көзү тирүү болсо залкар инсан быйыл 67 жашка чыкмак. Базарбаев 2002-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Ал чыныгы артисттик талантка ээ, аткаруу техникасы эң күчтүү, өзүнүн кайталангыс таланты менен көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп турган мыкты бийчи катары элдин эсинде калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан