Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы Орусиянын "Ника" киносыйлыгына талапкер болду

Кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун эмгегинен жаралган "Сүтак" тасмасы Орусиянын Кинематография искусствосу академиясынын "Ника" сыйлыгына талапкер болду. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде орун ала турган сыйлык тапшыруу аземинде башка сыйлыктар менен катар "КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" наамы боюнча жеңүүчү аныкталат. Аталган сыйлыкка көрсөтүлгөн тасмалардын толук тизмеси жакын арада белгилүү болот.

Кошумчалай кетсек, сыйлык ээлери Кинематография искусствосу академиясынын мүчөлөрүнүн добушунун негизинде аныкталат. Сыйлык 1987-жылдан тарта тапшырылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан