Өлкөбүздө мектепке чейинки курактагы балдар үчүн билим берүүчү мультфильмдер тартыла баштаганын SUPER.KG порталына долбоордун жетекчиси Замира Сатыбалдиева билдирди. Анын айтымында, учурда мультфильмдин 5 сериясы тартылып бүттү, алдыда дагы 5 серия тартылмакчы.
"Кыргыз өлкөсүндө кичинекей бөбөктөр үчүн билим берүүчү мультфильмдердин жоктугу өкүндүрөт, андыктан бул долбоорду чоң кубаныч менен баштадым. Мультфильмде тамгаларды, санаганды ыр, музыка аркылуу үйрөтүү каралган. Балдардын кабыл алуусу үчүн абдан жеңил. Жадакалса бир жаштагы наристени да оңой эле кызыктырып, үйрөнүп кетүүсү мүмкүн. Сериялар толук тартылып бүткөндө өлкөнүн бардык бөбөктөрүнө көрсөтүүгө аракет кылабыз",- деп билдирди Сатыбалдиева.
Ал буга чейин мектепке чейинки курактагы балдар үчүн мындай анимациялык долбоор жасалбаганын, бул индиялык ишкерлер менен жүзөгө ашып жаткан алгачкы саамалык экенин жана улуттук колоритте даярдоого аракет кылып жатышканын айтты.