Эрлан Нанаев кыргыз өлкөсүндө лазердик шоу менен олуттуу алектенген таланттуу иллюзионисттердин бири. Бул тармакта ийгилик жаратуунун үстүндө талбай эмгектенген жаш талант бир шоу жасоого 100 миң сом сарпталышы мүмкүн экенин айтат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына иллюзионист өзү билдирди.
"Лазердик шоу жаратуу идеясы Казакстандын Астана шаарында өткөн иллюзионисттердин эл аралык фестивалында пайда болгон. Андагы шоу жогорку деңгээлде уюштурулган эле. Бишкекке келгенден кийин "ушундай шоу жаратсам" деген ой кетпей койду. Жарым жыл өткөндөн кийин тийиштүү жабдуулар, мага керектүү адамдар табылган соң номер даярдоо боюнча иштей баштадык. Азыркы жаратып жаткан лазердик шоу аябай укмуш деп айта албайм, себеби биз азыр өнүгүү жолундабыз. Учурда бир топ идея, долбоорлор бар, буюрса, акырындап баарын ишке ашырабыз",- дейт Нанаев.