Бишкекте Тарых жана маданият жылынын алкагында "Ыр кесе" сынагы уюштурулду (фото)

Бүгүн, 11-мартта Бишкекте Тарых жана маданият жылынын алкагында "Ыр кесе" сынагы уюштурулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек шаарынын Биринчи Май, Свердлов райондорунда жалпы билим берүү мектептеринин жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринин мугалимдеринин арасында "Ыр кесе" сынагы уюштурулду. Сынактын катышуучулары кыргыз элинин салттарын көргөзүп, улуттук бийлерди бийлешип, элдик ырларды ырдашып, улуттук музыкалык аспаптарда ойношту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан