"Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын чейрек финалына өттү

"Азия MIX" командасы КВНдин Жогорку Лигасынын чейрек финалына өттү. Оюн 11-мартта Москванын Борбордук академиялык театрында орун алып, эң жогорку упай менен бишкектик команда алдыга чыккан 3 команданын биринчиси болду.

"Азия MIX" командасы - 11,7 упай;

"Русская дорога" АГПУ курамасы - 11,5 упай;

"ГУУ и МИСиС" курамасы - 10,8 упай;

"Физтех" курамасы - 10,3 упай;

"Уфа" командасы - 9,6 упай.

Эске салсак, өткөн жылы “Азия Микс” командасы КВНдин Эл аралык Жогорку Лига союзунун финалына чыга албай калган. 2015-жылдын 7-ноябрында Москва мэринин кубогунда командалар "Саламдашуу", "Капитандар сынагы" жана музыкалык номер боюнча өнөр көрсөтүшкөн. Бишкектик курама “Саламдашуу” сынагында лидерлик орунда болгон, бирок кийинки сынактарда артка кеткен. Жыйынтыгында Москва мэринин кубогун жана финалга жолдомону Дагестан курамасы (Махачкала, Дагестан) жеңсе, экинчи орунду казакстандык "Спарта", ал эми үчүнчү орунду "Азия Микс" алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kama_future_millioner
2016-03-12 10:54:29
Ийгилик жигиттер азаматсынар.
+5
meky85
2016-03-12 10:58:46
Ийгилик Кыргызстандын желегин желбирете бергиле.АЗАМАТТАР
+4
Umar080814
2016-03-12 11:20:54
бали!
+6
aydarov...
2016-03-12 11:59:20
Женгилеееее
+5
Mercedes.Benz7777
2016-03-12 12:08:19
Азаматсынар
+5
oma16.02.95
2016-03-12 13:06:52
Видеосун да киргизип койсонуздар
+2
tavanova.sarah
2016-03-12 13:29:12
Кыргызстанга пайда келтируучулор)) Азаматсынар ийгилик!
+1
Svoboda83
2016-03-12 13:32:46
Алга Азия MIX Бишкек Кыргызстан!!!
+1
Sagidko88
2016-03-12 14:04:22
ураааа
+1
pandoravirus
2016-03-12 15:57:21
Азаматтар!!!! Буларга ким спонсор болду экен?
+1
kyzburak87
2016-03-13 09:40:02
Автор Автандил добулбеков бул Аксынын кулунубу . Мен тааныган Автандилби же башкабы
+1
tavanova.sarah
2016-03-14 02:17:44
kyzburak87,Мурун Ошто "аква-мастер" суусундук фирмада иштегенби?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан