Адатта элге башы көрүнгөн адамдар жеке жашоосу тууралуу айтып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн сүрөттөрүн коомчулукка көп жарыялай беришпейт. Мындай принципти кармангандардын бири ырчы Каныкей эле. Бирок бул ирет ырчы күйөрмандарын кубантайын дегенби, айтор, уулунун сүрөтүн интернеттеги өздүк баракчасына жүктөдү. "Жолдошум, мен жана балабыз) Жадыраган жаз майрамдарыңыздар куттуу болсун!!!" (ред. автордун жазуу стили сакталды) деп жазып сүрөтүн илди.
Эске салсак, ырчы 2014-жылы март айында турмушка чыгып, май айында жолдошу менен тааныштырган эле. Ал эми 2015-жылы 11-ноябрда уулун жарыкка алып келген.