"Курманжан датка" тасмасы Швейцариядагы эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

"Курманжан датка" тасмасы Швейцариянын Фрибур шаарында 11-19-март күндөрү өтө турган эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу “Айтыш-фильм” киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Фестиваль жыл сайын дүйнөдөгү мыкты тасмаларды чогултуп, Азия, Африка жана Латын Америкасынын кинопродукцияларын жайылтууда мыкты колдоо көрсөтүү боюнча алдынкы орунду ээлейт. Кинофорум түрдүү элдердин маданият-салтын көрсөтүүгө, жаңы ысымдарды ачууга, катышуучу өлкөлөрдүн маданий байланыштарын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.

"Курманжан датка" тасмасы "Fiercer than the Male" кино жанрында көрсөтүлөт. Анда дүйнөдөгү аялдар тууралуу фильмдер көрсөтүлөт. Тасмалар 16-март жана 19-март күндөрү көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Arzuuda
2016-03-14 12:31:56
Тек эле коюшпаптыр, не дейбиз ийгилик!
0
Ainurhi
2016-03-14 23:26:43
Arzuuda,жаны тартылып буткондо оскарга коргозобуз деп чыккандарын билесизби.
+1
Kanat.kg
2016-03-15 16:39:30
Кинозалга качан жуктолот бул тасма? Же жуктолду беле?
0
admin_portal
2016-03-15 17:35:48
Kanat.kg, саламатсызбы!
Жүктөлөрү менен кабарлап койгонго аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан