Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт

Бишкекте 2016-жылдын 16-мартында Кыргыз мамлекеттик мемориалдык үйүндө Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата "Жусуп Баласагын - улуу ойчул жана мамлекеттик ишмер" аттуу көчмө көргөзмө ачылат. Бул тууралуу аталган музейден билдиришти.

Анда улуу ойчулдун туулган жери, орто кылымдагы кыргыздар, тарыхый-архитектуралык эстеликтер жана «Кутадгу билиг» («Куттуу билим») чыгармасы тууралуу айтылат.

Жусуп Баласагын 1015-жылы (башка маалыматтар боюнча 1016-жыл) Чүй өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан (азыркы Токмок шаарынан анча алыс эмес) Караханид каганатындагы Баласагын шаарында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан