"Үркүн" тарыхый тасмасын тартуу уланууда (фото)

Быйыл 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл болот. Тарыхый окуяга байланыштуу “Үркүн” тасмасын тартуу иштери уланууда. Бул тууралуу тасманын продюсери Мухтар Атаналиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Кудайга шүгүр, бир айдан бери тартуу иштери жүрүп жатат. Кыш мезгилинде болгон окуяларды тартып бүттүк. Жергиликтүү тургундар да жардамын аябай, бирөөсү коюн, бирөөсү картошкасын көтөрүп келип, болгон жардамын берип жатышат.

Үркүн - бул биздин тарых, башыбыздан өткөн окуя. Андыктан кыргыз жаштары бул окуя элибиз үчүн оор сыноо болгонун, кыргыз эли татаал күндөрдү башынан өткөргөнүн билиши керек. Тарыхый тасма болгондуктан, бардык нерсени, мисалы, эл жашаган айылды, аскер гарнизонун, айтор, жүз жыл мурунку учурду кайрадан куруп чыгуу керек болууда. Албетте, бул да убакытты, түйшүктү талап кылат",- дейт Атаналиев.

"Үркүн окуясы тууралуу тасма тартуу идеясын ойлонуп жүргөнүмө көп убакыт болду. Буюрса, окуянын 100 жылдыгын утурлай сентябрь айларында тасма даяр болот деп ниет кылып жатабыз",- дейт тасманын продюсери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
MuslimNur95
2016-03-15 10:16:54
Жакшы кино болот окшойт .
+5
taro
2016-03-15 10:17:34
Геноцид!
+3
Musabaeva
2016-03-15 10:25:41
Ишиниздерге ийгилик, чыдамсыздык менен кутоом. Курманжан Даткадай жакшы тасма чыгышына тилектешмин.
+5
skatoruk
2016-03-15 11:15:47
Тарыхий жакшы кино болот буйруса!!!
+1
Patriot..kg
2016-03-15 13:36:53
Ийгилик. Бирок Атаналиев тарткан кинолор мага жага бербейт эле
0
aminali
2016-03-15 14:21:43
Биздин кино жакшы тартылса Оскарды алабыз. Выживший деген кинону коруп, ой келген уркунду тартса биз да алабыз деген.
0
aminali
2016-03-15 14:24:55
Актрисалар жетпесе айткыла бекер эле тартылып беребиз, алыста болсок да барабыз. Кино менен кыргыз ким экенин тааныталы.
0
Umar080814
2016-03-15 14:42:41
Сыймыктанып кеттим!Ийгилик коштосун.
0
Karalina
2016-03-15 15:03:09
Бул тасмада эрте эле интернетке тарап кетпесе эле болду.
0
karakchyyy
2016-03-15 16:34:45
Бурмаланбай кандай болсо ошондой тартылса экен.
+1
Aruwka.89
2016-03-16 00:35:52
Тетиги суротто карышкырды чынеле олтурушконбу(?
0
begai93
2016-03-16 04:50:55
Огоо соонун болгудайгоо ийгилик кутобуз чыдамсыздык менен!
0
bolsunalban
2016-03-16 12:38:01
Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан