"Сүтак" тасмасы Түркияда жана АКШда өтө турган кинофестивалдарга катышат

Кинорежиссёр Мирлан Абдыкалыковдун эмгегинен жаралган "Сүтак" тасмасы апрель айында өтө турган эки эл аралык кинофестивалга катышат. Бул тууралуу "Айтыш фильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тасма Түркияда 2016-жылдын 7-17-апрель күндөрү өтө турган Стамбул Эл аралык кинофестивалындагы "Алтын жоогазын" сынагына коюлган. Анда дүйнөдөгү даректүү, анимациялык тасмалар көрсөтүлөт. Аны менен катар "Сүтак" 18-Эл аралык "RiverRun" фестивалынын сынактык программасына катышат. Ал АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Уинстон-Сейлем шаарында ушул жылдын 7-апрелинде башталып, 17-апрелге чейин уланат.

Фестиваль коммерциялык эмес маданий уюм катары иш алып барып, көрүүчүлөрдү башка элдердин салты, маданияты менен тааныштыруучу жалпы аянтча түзүүгө жардам берип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан